Бул тууралуу Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Пекинде өткөрүлгөн Кытай илимдер академиясы жана Кытай инженерия илимдери академиясындагы эки жылдык конференцияда билдирди.

КЭРдин төрагасы ушул кылымдын орто ченинде Кытай илим жана техника жаатында дүйнөдөгү алдыңкы держава өлкөгө айланышы керек деп максат койду.

«Кытай 2020-жылга карата алдыңкы жаңы технологиялар өнүккөн өлкөлөрдүн бирине, 2030-жылга карата илим жана техника жаатында эң алдыңкы өлкө болушу керек. Ал эми Кытай Эл Республикасынын 100 жылдык мааракесине карата Кытай илим жана техниканын дүйнөдөгү лидери болушу керек. Күчтүү мамлекет болушу үчүн элдин турмушу жакшы болушу зарыл. Ал үчүн Кытайдын сөзсүз ири илим жана техникалык потенциалы болушу керек», — деп белгиледи Си.

Кытай Эл Республикасы 1949-жылы социалисттик революциянын аркасы менен жарыяланган. 2049-жылы 100 жылдыгына карата Кытай чоң максаттарды койгонун байма-бай жарыялап келет. Алардын дагы бир негизги максаты экономиканын өнүгүшү боюнча АКШны басып өтүп, биринчи орунга чыгуу.

Булак: tass.ru