Бишкекте көмүр менен жагылган меш жарылып, андан бир үй-бүлө жабыр тартты. Кырсыктан кесепетинен 34 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 34 жаштагы келиндин денеси 80 пайызы күйүк алып, оор жаракаттарды алган. Мындан улам, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Анын 34 жаштагы жолдошу, 13 жаштагы баласы Бишкек Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Абалдары орточо оор. Андан тышкары 4 жаштагы бала 3-клиникалык балдар ооруканасында.