Ошто коррупциядан өндүрүлгөн акчага мектеп курулду

Автор -

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Нариман атындагы орто мектептин кошумча окуу имаратынын ачылыш аземине катышты.

Талант Мамытов 1200 адамга ылайыкташкан мектепте буга чейин орун жетишсиз болуп, 4 миңге жакын балдар окутулуп келгенин белгиледи. Мындай шартта балдардын билим сапаты жөнүндө айтуу кыйын.

«Кошумча имараттын курулганы Нариман орто мектебиндеги орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечет. Ал башка көптөгөн мектептерде бул көйгөй курч бойдон калууда», — деп айтты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын, анын негизги артыкчылыктарын белгилеп өттү.

«Патриотизмдин идеялары — Мекенге болгон сүйүү, мамлекетке кызмат кылуу билим жана тарбия менен бирге сиңет. Айрым мектептерде жаңы программалар менен окутулса, кээ бирлеринде эски программалар улантылууда. Тилекке каршы, мунун баары өлкөнүн экономикалык абалы менен байланыштуу», — деди ал.

Талант Мамытов балдарга заманбап маалыматтык технологияларды жана чет тилдерди үйрөтүп, ал эми жогорку класстарда кесиптик билим берүү программаларын киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарылдыгына токтолду.

«Жакшы билим жана тарбия алган бала келечекте жумуш таба алат. Мамлекеттин милдети — жарандарыбыздын өз Мекенинде ийгиликтүү иштей алышы үчүн бардык шарттарды түзүп берүү”, — деп белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2019-жылы башталган. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардан чогулган бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланган.

Үч кабаттуу окуу имараты 24 окуу кабинетинен, ошондой эле ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын кабинети, китепкана жана окуу залынан турат.