Германиянын Бохум шаарында оң колун жогору көтөрүп Гитлерче салам берген адамга 1600 евро айып жазасы салынды.
Бохумдун административдик соту дүйшөмбү күнү чыгарылган чечимде Гитлер саламын бергенин моюнга алган 23 жаштагы айыпталуучуну «Баш мыйзамга каршы уюмдардын символдорун колдонуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Бул окуя май айында Бохум шаарында музыка фестивалынын аягында болгон. Ал жигит менен катар эле башка дагы 3 адам фестивал катышуучуларына акараат келтирип, кол көтөргөндөрү үчүн жазаларын алышкан.
Гитлердин идеялары жана анын кыймыл-аракеттерин колдонуу Германияда фашисттик көрүнүш катары тыюу салынган.
Булак: sondakika.com