Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Калиевага иш козголду

Автор -

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Комитет төрагасы кайсы иш боюнча экенин ачык айткан жок.

«Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат», — деди ал.

Жогорку сот азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.