Буга чейин Жапонияга Корея аркылуу учкан кыргыз жарандары корей визасын албай өтүп көнүп калышкан. Бирок, акыркы учурда Корея визасыз кирүүгө тыюу салууда. Мындан улам, миграция кызматы кыргызстандыктарды кармаган учурлар көбөйдү.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кореянын “Инчхон” аэропортуна келип конуп, “Кимпо” аэропорту аркылуу Жапонияга учкандар өз сапарын алдын ала пландаштырып алып, бир эле “Инчхон” аркылуу транзит менен учуп кеткени түйшүк жаратпайт.