Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Клара Сооронкулова жана Каныбек Иманалиев Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына арыз берүүгө ниеттенишүүдө. Бул туурасында талапкерлер бүгүн, 29-декабрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында белгилүү болду.
Клара Сооронкулованын айтымында, Жогорку Соттун Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган чечимдеринин баары 6-октябрга караган түнү кысым алдында, процессуалдык ченемдерди бузуу менен мыйзамсыз чыгарылган.
Ошол себептен президенттикке талапкер катары бараткан 4 жаран мындай чечимдерди кабыл алган сотторго чара көрүү өтүнүчү менен Соттор кеңешине кайрылууну чечишкен.
Бүгүн эле Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жаңы жетекчи шайланганы маалым болду. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
28-декабрда комиссия жыйынга чогулуп, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун сунушу менен комиссиянын мүчөлүгүнө Маратбек Осмонкуловду кошушкан.
Ушул эле күнү Осмонкулов ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында төрага болуп шайланган.