Сот «Апрель» телеканалына эфирге чыгууга уруксат берди

Автор -
250

Сот «Апрель» телеканалына эфирге чыгууга уруксат берди. Бул туурасында April.kg сайты жазды.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2020-жылдын 15-декабрында Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын жана «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын үстүнөн берген доо арызын караган.

Эске сала кетсек, былтыр ноябрь айында «Санарип технологиялар» ЖЧКсы «Апрель» телеканалынын мүлкү камакта экенине карабай, эфирге чыгуусуна уруксат берүү чечимин кабыл алган. Бирок Аскер прокуратурасы бул чечимди мыйзамсыз деп таап, сотко кайрылган.

Соттук жараян бир жылдан ашык убакытка созулган. Жыйынтыгында 2020-жылдын 15-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын доосун канааттандыруудан баш тартты. Мындай жол менен «Апрель» телеэфирге чыгуу укугуна расмий ээ болду.

Телеканалдын эфири 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталгандан бир саат өтүп-өтпөй үзгүлтүккө учураган. Каналдын офиси жайгашкан «Медиа-Форум»  имаратына 9-августта укук коргоо органдары спецназдын коштоосунда келип, телеканалдын кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүгө аргасыз кылган. Ошол эле күнү ИИМ  «Медиа-Форум» акционердик коомунун жана «Апрель ТВ» телеканалынын мүлкү соттун чечими менен камакка алынганын билдирген.

Кийин канал бир нече жолу эфирге чыгууга аракет кылган менен ар кандай тоскоолдуктардан, анын ичинде Аскер прокуратурасынын бут тозуусунан улам чыга алган эмес.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников каналдын эфирдик берүүлөрүнүн жанданышы «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын чечимине жараша болорун билдирди.

Учурда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын эки негиздөөчүсү тең – КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» коомдук фондусунун жетекчиси Фарид Ниязов абакта.