Токтогулда жол кырсыгынан 5 киши жабыркады

Автор -

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки унаа сүзүшүп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 21:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымындагы Тел-Кайын тилкесинде Honda Accord жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Абалдары туруктуу.