УКМК жетекчисинин мурунку орун басарына издөө жарыяланды

Автор -
264

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын мурдагы орун басары Болотбек Сүйүмбаев изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта Сүйүмбаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча издөө жарыяланганы айтылат.

Мекемеден өзгөчө ири масштабдагы зер буюмдарын контрабандалык жол менен ташуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Сүйүмбаевдин бул ишке катыштыгы бар экендиги жөнүндө тана алгыс далилдер алынганын жана ал бир нече жолу суракка чакырылганын эскертишет.

Сүйүмбаевдин келбей койгонуна байланыштуу УКМКнын тергөө органдары «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Экономикалык аткезчилик» беренелери боюнча кылмыш жасоого шектелип жатканы тууралуу сыртынан билдирүү беришкен. Ага издөө жарыяланды.

Сүйүмбаевдин жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардан 0312 66 04 75 номери аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматына же 102 номери аркылуу Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнүшөт. Купуялуулукка кепилдик берилет.