Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 171 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек – 46
 - Ош шаары – 14
 - Чүй облусу – 45
 - Ош облусу – 12
 - Талас облусу – 9
 - Нарын облусу – 1
 - Ысык-Көл облусу – 26
 - Жалал-Абад облусу – 12
 - Баткен облусу – 6.
 
Учурда 887 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 7 адам (0,7%) — канааттандыраарлык абалда;
— 570 (64,2%) — орто оордукта;
— 253 (28,5%) — оор абалда;
— 57 (6,4%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 1266 бейтап бар.
2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 81 миң 991 адам вирус жуктурду. Анын ичинен 77 547 адам айыгып чыкты. 1365 адам каза тапты.






























