Аялын муунтуп өлтүрүп, өзү дары ичкен жаран ооруканада каза тапты

Автор -

Ысык-Көлдө кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүнүн жанын кыймакчы болуп дары ичип алган жаран каза болду. Бул тууралуу Түп райондук ооруканасынан билдиришти, деп жазат Super.kg

Басылма анын качан каза болгону тууралуу дарыгерлерден маалымат алуу мүмкүн болбогонун жазат.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн окуя катталган. Өзү болсо, «көк таш» жана неоцидол дарыларын ичип, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет көргөн. Туугандары бул окуяны милицияга кабарлап, аны  райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан.