Сеулда (Түштүк Корея) корей ишканаларына Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди. Кыргыз тарап гидроэнергетика, транспорт, аэропортту өнүктүрүү, геология тармактарындагы даяр долбоорлорду сунуштады.
Кореядагы кыргыз элчилиги уюштурган инвестициялык семинарга 60 чакты ири компания катышты. Алардын арасында KOTRA, Hyundai, Daewoo, Posco, Korea Hydro&Nuclear Power Co., K Water SK Construction, Asiana airlines жана башка ишканалар бар.
Элчи Аскар Бешимов Кыргызстанда жаңы экономикалык шарттар түзүлүп жатканын айтып берди. Инвесторлорго либералдык жана жагымдуу мыйзамдар, жеңилдетилген көзөмөлдөө системасы сунушталганына басым жасады. Ошондой эле, лицензиялардын саны бир топ кыскарды.
Элчилик билдиргендей, корей компаниялары гидроэнергетикалык долбоорлорго кызыгуу артышты. Бир нече компания чакан жана орто ГЭСтерди курууга даяр экенин да билдирди. Учурда алар тендерлерге катышууга камданып жатышат.