Россиянын Москва облусунун Красногорск шаарында 2-февраль күнү жаракат алган кыргызстандык 24 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Расмий маалыматка ылайык, бул факты боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы денеге атайлап оор залал келтирүү боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти иликтеп жатат. Шектүү кармала элек.
Буга чейин социалдык тармактарда «Россияда кыргызстандык кызды өлтүрүп кеткени» тууралуу маалымат тараган.
ИИМ жарандардан социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды таратпоого жана ызы-чууга алдырбоого чакырды.