8-февралда 42 адамдан вирус табылды. Көбү — Бишкектен

Автор -

8-февралга карата Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдетинин жаңы 42 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек — 32
— Ош — 2
— Чүй облусу – 4
— Талас облусу — 1
— Нарын облусу — 1
— Жалал-Абад облусу – 2. 

Ал эми Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынан сутка ичинде оору жугузгандар катталган жок.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 85 113 адамга жетти. Анын ичинен 81 714 адам айыгып чыкты. 1431 каза тапты.