Чүйдө тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурда Москва РИИБинин өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене «Пара талап кылуу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. Кармалган кызматкердин кызматтык бөлмөсүн тинтүүнүн жыйынтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», деп жазылат маалыматта.