Казарманда майып кыз таята-таенеси тарабынан зомбулукка кабылган (видео)

Автор -

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз таене-таятасы тараптан зомбулукка дуушар болду. Бул тууралуу жабырлануучунун агасы Алтынбек Артыкбек уулу соцтармактарда жарыялады.

Анын айтымында, ал 7-февралда ИИМ жетекчиси Уланбек Ниязбековго арыз жазган.

«Менин кичүү карындашым Аселдин төрөлгөндөн бери эки буту иштебейт. Ата-энебиздин өлүмүнөн кийин биз таене-таятабыздын колунда калганбыз. Туугандарыбыз карындашыма зордук-зомбулук көрсөтүшүүдө. Аларга карата мыйзамдуу чара көрүүңүздөрдү суранам», — деп билдирет жабырлануучунун агасы.

Интернетке жарыяланган тасмада кызга жаман мамиле кылышаары көрүнүп турат. Агасынын таятасы зордуктаганы тууралуу суроосуна кыз «ооба» деп жооп бергенин угууга болот.

https://youtu.be/GJrKZwdW3fI