Учурда 150дөн ашык бала пневмония менен ооруканада жатат

Автор -

Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда сасык тумоосу күчөп кеткен балдардын саны көп болууда. Бул тууралуу 8-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди, деп жазат «Азаттык».

Маалыматка караганда, өпкө кагынына учураган балдар да көбөйгөндүктөн аталган борбор 150 орундук бир блокту өзүнчө бөлдү.

«Жылдагыдай эле кышында аба аркылуу жуккан сасык тумоо балдар арасында көп катталып жатат. Мындан тышкары биздин борборго пневмония менен ооруган балдарды көп алып келишүүдө. Орун жетпей калгандыктан борбордо 150 керебеттен турган бир блокту атайын ушул пневмония болгондор үчүн бөлдүк. Азыр 150дөн ашуун бала өпкө кагыны менен ооруканада дарыланууда. Арасынан мурда өнөкөт оорусу болуп, ага кошумча пневмония менен ооруп калгандар чарчап калган учурлар да болууда», — деген Узакбаев.

Анын айтымында, коронавирустан азырынча Кыргызстанда балдар арасында өлүм каттала элек.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жыйырмадан ашуун реанимациялык орун бар. Азыркы тапта анын баарында кичинекей бейтаптар дарыланууда.