ИИМ Казарманда зомбулукка кабылган майып кыздын окуясы боюнча маалымат таратты

Автор -

Мурдараак соцтармакта Артыкбек уулу Алтынбек аттуу жаран мүмкүнчүлүгү чектелген  карындашы Казарман айылында таята-таенесинен зордук-зомбулук көрүп жатканын айтып, ИИМден аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган видео, фото жана аудио жазууларды жарыялаган.

Бул окуя боюнча ИИМ бүгүн, 8-февралда төмөнкүлөрдү билдирди:

«Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБде катталып, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө милициянын тергөө-ыкчам тобу Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен чогуу арызда көрсөтүлгөн дарекке барып, 1996-жылы туулган Артыкбек кызы Алмира менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.У.дан түшүнүк каттар алынып, материалдар топтолду.

Алгачкы текшерүү учурунда Артыкбек кызы Алмира 1999-жылы апасы каза болуп калгандан бери бир туугандары таятасы менен таенесинин колунда чоңоюшкандыгын билдирген. 2021-жылдын 5-февраль күнү Бишкекте жашаган бир тууган агасы Артыкбек уулу Алтынбек келип, шаарга алып кетем дегенде таятасы менен таенеси  кетирбейбиз деп, таенеси аны бир нече жолу колу менен чаап, буту менен тепкилегендигин айткан.

Кыз бул окуяга чейин таята-таенеси кол көтөрбөгөнүн, бирок спирт ичимдиктерин ичкен учурларда сөз менен урушуп келишкенин айткан. Таятасы тарабынан зордуктоого кабылган эмес, агасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, агасы «бирөөлөрдөн уктум, сени таятам зордуктаптыр» деп сураган учурда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн ооба деп жооп бергендигин, таятасы тарабынан эч кандай
зордуктоо болбогондугун билдирген.

Таенеси А.У. өзүнүн көрсөтмөсүндө жолдошу экөө каза болуп калган кызынын 3 баласын камкорчу катары багып алышканын айткан. Ал эми 1996-жылы туулган Артыкбек кызы Алмира 1-топтогу майып экендигин билдирген. 2021-жылдын 5-февраль күнү небереси Артыкбек уулу Алтынбек Бишкек шаарынан келип, карындашын Бишкек шаарына алып кетем дегенде, 3 жашынан баштап баккан небересинин кетем дегенин угуп, нааразы болуп, колу менен ургулап, буту менен
тепкилегендигин билдирген.

Жабырлануучу Артыкбек кызы Алмираны окуядан кийин ооруканага алып барып,
алгачкы дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда анын денесинде (жыныстык мүчөсүндө) жаракаттар аныкталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 8-февраль күнү
Жоруктар жөнүндө Кодексинин 75-беренесинин бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

«Бул иш Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жана Жоруктар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынды жана бардык иликтөө иш-чаралары мыйзам чегинде жүргүзүлөт», — дешет министрликтен.