Түштүк Корея кыргызстандыктарга виза берүүнү жандантты

Автор -

Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 8-февралдан тартып Кыргызстандын жарандары аталган өлкөгө тоскоолдуксуз кире алышат.

Корея өкмөтүнүн чечими Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды талдоонун негизинде ишке ашканы айтылат. Мында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен дипломаттарынын кызматташтыгынын да таасири чоң экени белгиленген.

ТИМ аталган өлкөгө бара турган жарандарды коронавируска карата текшерүүдөн өтүшү керектигин эскертет. Эгерде Түштүк Кореяга барган жарандардан COVID-19 илдети аныкталса, анда виза маселеси кайра каралышы мүмкүн.