Январь-майда АКШ долларынын курсу 10,1%га түштү. Башкача айтканда 76 сомдон 68 сомго чейин төмөндөгөн. Ал эми 2015-жылы болсо дуйнөлүк тенденцияга ылайык 28,9%га чейин, 1 доллар 58 сомдон 75 сомго чейин өскөн болчу.
2016-жылдын башынан 27-майына чейин Улуттук банк 92 млн доллар сатып, 18 интервенция жасады. Ушул эле убакта 110 млн доллар сатып алууга 15 интервенция өткөргөн. Ал эми банктын таза сатып алуусу 18,28 млн долларды түзгөн. Бул арада эл аралык резервдер көлөмү 1 млрд 963 млн долларды түздү.
Андан сырткары, Улуттук банк эсептик ченди 8%дан 6%га төмөндөткөнүн жана ал бүгүндөн тарта күчүнө кирерин айтты. Анын себеби катары инфляциянын төмөндөшүн белгилеп, кийинки отурум ушул жылдын 27-июнуна пландаштырылып жатканын билдирди.