Канадалык “Centerra Gold Inc.” компаниясы “Кумтөр” кенинин айланасындагы талаш-тартыштардын создугуп кеткенинен улам Гаагадагы арбитраждык сотко кайрылды. Бул боюнча компания бүгүн кыргыз өкмөтүнө билдирүү жасады.

Центерра Гаагадагы Третей сотунун туруктуу палатасына кайрылып, отурумдар Скокгольмдо (Швеция) өтүшүн жана сотту бекитип берүүсүн өтүндү.

Эки тараптын тартышы 2015-жылы “Кумтөр” кенинин кирешелерин бөлүштүрүүдө келип чыккан. Ошондон кийин Кыргызстандын экологиялык жактан көзөмөлдөө органдары компаниянын үстүнөн дооматтарды жаадырып жиберген. Өткөн айда Башкы прокуратура ишкананы тинтүүгө алып, кылмышка жана эреже бузууларга шектүү делген документтерди таап чыккан.

Ал эми өткөн жумада “Центерра Голд Инк” компаниясынын мүдүрү Дэниел Дежарден тиешелүү экспертиза жыйынтыгын алуу кыйын болуп жатканын, ошого жараша 30-июнда кендин иши токтоп калышы мүмкүн экендигин айткан.

Булак: reuters.com