Селдин кесепетинен Жийделик айылында 46 турак үйдүн айланасын ички чарбалык арыктар, жолдор сел калдыктарына толтон.

ӨКМнын маалыматы боюнча, 1 турак үй авариялык абалда, 3 турак үй капиталдык ремонтко жана 1 турак үй кооптуу участкадан көчүрүлүүгө муктаж.

Белгилей кетсек, 27-майда Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы кырсыкка учураган. Анын ичиндеги беш адам каза болгон. Алты жаштагы бала куткарылган. Ал эми үч жашар наристе дайынсыз. Бир күндөн кийин баланын кийимдери табылган. Учурда издөө иштери уланууда.