Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия менен мамилелерин мурункудай болуп калыбына келишин каалайт, бирок Маскөө эмнени күтүп жатканын билбейт.

Бул тууралуу президент Эрдоган Измирде Африка сапары алдында билдирген.

«Орусия бизден кайсыл биринчи кадамды күтүп жатат. Мен Орусия менен мамилелердин жакшырышын каалайм. Путин кантип жаңылып калган учагы үчүн эки өлкөнүн эң сонун мамилесин курмандык кылууга барганын түшүнбөйм» -деп белгилейт.

Мындан бир нече күн мурда Орусиянын тышкы иштер министирлиги: «Түркиянын бийлик өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууну каалабайт», — деп билдирген эле.

Эки өлкө ортосундагы мамиленин начарлашы бир гана Түркия тарабынан атып  түшүрүлгөн учак гана эмес экенин tass.ru маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Ортоңку Чыгыштагы пикирлердин туура келбеши да тоскоол болууда. Кече күнү Орусия тышкы иштер министири Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугуушууда Түркия Ирактан аскерлерин алып чыгып кетиши керек деп билдирген», — деп жазылган макалада.