Кувейт падышасынын үй-бүлөсүнүн үч мүчөсү WhatsApp’та Кувейт Эмири жана башчыларга акараат келтиргени үчүн беш жыл түрмөгө кесилди.  

Падыша үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары дагы төрт киши Кувейт эмири Шейх Сабах Аль Ахмед Аль Жабер Ал Сабахка акарат сөздөрү үчүн түрмөгө камалышты.

Сот тарабынан колго түшүрүлгөн телефондо жана WhatsApp сүйлөшүүлөрдө акимдер пара алышат деген бир видео тартып, аны интернетке жарыялоо үстүндө турганы белгилүү болду.

Haberler.com агенттиги жазгандай, төрт кишиден үчү беш жыл кесилсе, бир киши оор күнөө менен 10 жылга эркинен ажыратылды. 2013-жылы Кувейт эмирине Twitter’ден акаарат келтирген бир мугалим 11 жыл эркинен ажыратылган.