Жаңы үлгүдөгү номурлар бардык салыктарды эске алганда 950 сомду түзөт. 

Буга чейин номурлар 1 215 сом, ал эми дипломатиялык номурлар 2 200 сом болгон. Кирешенин көп бөлүгүн чыгарган жеке ишканалар алчу.

Эми 50%ы мамлекеттик бюджетке түшөт.

Жаңы номурларды айдоочу кайсы учурларда алат:

Жаңы каттоо жүргүзүп жатса;

Башка номурга өтсө;

Эзелки номурун сатса.

«Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде автоунаалар электрондук учётко алынып, жолдогу байкоо камераларынан автоматтык таануу болот.

Мамлекетти каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, автоунааларды каттоону мамлекеттин колуна өткөрүп бергенде көп кыйынчылыктар болду.

«Жаңы номурлардын өзгөчүлүгү стандартка ылайыкталганы болду. Номурларды алмаштыруу өз эрки менен жүргүзүлүүдө», — дейт Т. Сарпашев.

Ошол эле учурда жаңы номур алууга келген Касымбек Бокоев аттуу жаран мурунку номурларга караганда арзан болуп жатканыны ыңгайлуу экенин айтты.

Жаңы номурларда аймактар төмөнкүчө белгиленет:

  • Бишкек шаары — 01
  • Ош шаары — 02
  • Баткен облусу — 03
  • Жалал-Абад облусу — 04
  • Нарын облусу — 05
  • Ош облусу — 06
  • Талас облусу — 07
  • Чүй облусу — 08
  • Ысык-Көл облусу — 09