Долбоор боюнча, сатылып жаткан товарлардын, авиабилеттердин жана турак жайлардын наркын чет элдик валютада эмес, сом менен жазуу керек. Мыйзам бузгандар айып пулга тартылат.

Ошондой эле товар сатып же кызмат көрсөткөн жарандар да баасын сом менен жүргүзүүгө милдеттүү. Бул доолбоор 8-апрелден тарта өз күчүнө кирет.

Документ сомдун наркын бекемдөө үчүн кабыл алынып, алып-сатууну башка валютада жүргүзгөн жарандар жана компаниялар жоопкерчиликке тартылат. Бул токтом боюнча, мыйзам бузган физикалык жактар 5 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактар 50 миң сомго чейин төлөшөт. Кайталап бузгандыгы үчүн айып пул: физикалык жактарга 10 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 100 миң сомго чейин болот.

«Долбоор 8-апрелде кабыл алынат. Ал эми токтом 15-апрелден тарта күчүнө кирери күтүлүүдө. Мыйзам бузган жарандарды жоопко тартуу боюнча долбоор иштелип бүтүп, 24-майдан тарта иштей баштайт» ,- дейт монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин адиси Амантур Өмүрбеков.

Өкмөт улуттук валютага өтүү аны бир калыпта кармап турууга мүмкүнчүлүк берет деген ойдо. Эске сала кетсек, премьер-министр Темир Сариев ноябрдын аягында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алып-сатуу бир гана сом менен жүргүзүлүшүн талап кылган. Мунун себеби болуп доллар менен алынган кредит менен ипотеканы төлөй албаган жарандардын көбөйгөндүгү болгон.