Бүгүн парламентте премьер-министри тарабынан ички иштер министри кызмат ордуна сунуш кылынган Кашкар Жунушалиев талапкерлигин депутаттардын 105 добушу менен жактырды.
Спикер Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан аны парламентте колдоо табышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Жыйын жүрүшүндө Кашкар Жунушалиевдин ички иштер органдарында топтогон тажырыйбасы баса белгиленүү менен бирге, ага ички иштер органдарында реформаларды жүргүзүү, кылмыштуулукту кыскартуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын жакшыртуу жаатында чараларды көрүү, милиция кызматкерлеринин арасындагы тартипти жөнгө салуу, коомчулуктун ишенимине ээ болуу сындуу бир катар сунуштар берилди.
Ал эми Кашкар Жунушалиев калктын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары колго алынып, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашыруу тездетиле турганын кошумчалады.