Кыргыз өкмөтүнө 31-майда “Центерра Голд Инк” ишканасынан билдирүү келген. Анда ишкана “Кумтөрдүн” айланасындагы талашып-тартышуулар бүтпөй жаткандыктан, ишти Гаагадагы арбитраждык сотко берүү ою бар экенин билдирген.

“Центерранын” келтирген себептери кен ишинин кирешесин бөлүштүрүүдөгү пикир келишпестиктер жана экологиялык дооматтар болгон.

Бүгүн ага жооп катары кыргыз өкмөтү өз билдирүүсүн жарыялады:

“Дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун жана кайсы гана мамлекет болбосун, ага жаратылышын коргоо маанилүү болуп саналат. Бардык өлкөлөрдө экология менен байланышкан маселелер мамлекеттик деңгээлде, улуттук мыйзамдарга жараша, жалпыга арналган эл аралык принциптерге таянып чечилет.

Доо арыздар — өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан 2013-жылы экологиялык эреже бузуулардын негизинде сотко берилип, бүгүнкү күнгө чейин орнотулган тартипте каралып келүүдө.

“Центерра Голд Инк” компаниясы менен кыргыз өкмөтү буга чейин сот иштерине чейинки алдын-алуу аракеттерин жасап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок, ишкана тарабынан аракеттердин кечеңдеши сот ишинин жыйынтыксыз бүтүүсүнө алып келген. Андан сырткары, “Кумтор Голд Компани” ЖАК айлананы коргоого байланышкан дооматтарды четке кагып жатканы менен “Центерра Голд Инк” компаниясы көз жаздымда калтырууда”, – деп айтылат.

«Азыркы тапта кыргыз өкмөтү ишкананын доого каршы далилдерин кароодо. Ар тараптуу укуктук анализдердин жыйынтыгына жараша өкмөт билдирүүлөрдү жасап турат. «Центерра» акционерлеринин кызыкчылыгын эске алуу менен талаштуу маселелерди чогуу кароого даяр экенин билдирүүдө», – деп өкмөт акционерлер менен катары маселелерди чечүү жолдорун карап, кендин мындан аркы ишмердүүлүгүнө кызыкдар экенин белгилегенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.