Орусияга миграциянын басаңдашы рубль өз наркын жоготуп койгонуна байланыштуу. Баарынан дагы Тажикстан (47,8%) менен Кыргызстандан (41%) барган мигранттардын саны азайды.

Коммерсантъ басылмасы жазгандай, Украинадан Орусияга миграция 2015-жылы 1,7 эсеге өсүп кетти. Литвадан – 31,9%га. 2010-жылдан 2015ке чейин Орусия калкы 3,4 млн кишиге көбөйүп, анын 2,3 миллионун Крым жарым аралынын калкы түздү.

Ошентсе дагы, Орусияга келген адамдарга караганда кетип жаткандардын саны тезирээк өсүп жатат. 2015-жылдын жарым жыл ичинде келгендер 3%га көбөйсө (256,1 миң), кеткендер 18,2%га өстү (170 миң).