Кыргыз драма театрынын алдында этномузыка, бий сынактары өтсө, Токтогул Сатылганов багында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин көргөзмөсү жайылды.

Ленин көчөсүндө уюштурулган “Этношаар” фестивалы  катышучуулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бул көчө байыркы кылымдардагы Ош шаарынын көчөлөрүндөй болуп жасалгаланган. Наабайкана, устакана, жарчылар, комузчулар, маскарапоздор, короз, бөдөнө уруштуруу, сөөрү, чайкана, өтүкчүлөр дүкөнү жана башка көчмөн элинин турмушу чагылдырылган. Байыркы элес берилген көчөдө сурнайчылар, кернейчилер элди чакырып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулайт.

Фестиваль 3-июнда соңуна чыгып, Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган Кыргыз эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы концерт менен аяктайт.