Түндүк Корея өз алдынча Starcon деп аталган социалдык тармак түзүп алганы 27-майда белгилүү болгон. Аны Facebook’тун көчүрмөсү деп коюшат.

Шотландиялык өспүрүм Эндрю МакКин Starcon кандай иштейт болду экен деп текшерип көрүп,  логинге “admin”, ал эми паролго “password” деген кадимки жазуулар менен кирип кетти. Көрсө, сайтты иштеп чыккандар стандарттык жөндөөлөрдү өзгөртүүсүз калтырып койгон экен.

Администратордун баракчасына кирип алгандан кийин ал каалаган колдонуучуну блокко түшүрүп, жаңы билдирүүлөрдү калтыра алмак. Бирок МакКин “Э-э, мен бул сайтты түзгөн жокмун. Бирок азыр эле системага кирип кеттим” деген жазуу гана калтырган. Андан кийин сайтка кирүү мүмкүн болбой калды деп жазат Meduza.io.

https://twitter.com/DynResearch/status/736238283953451008