Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, азыркы чакырылыштагы парламент жакшы иштеп жатат. Ал учурдагы Жогорку Кеңешти маданияттуу деген оюн айтты.
“Кыргызстандын тарыхына кайрыла турган болсок, 5 чакырылыштагы ЖКда мушташуу, дарбазадан секирүү сыяктуу окуялар менен коштолгон. 2010-жылдан кийин кыйын учурда депутат болушту. Сөз эркиндиги бар болду. Депутаттарды сындаганар көп болду”, — деп Бакетаев парламентаризмди талкуу боюнча талкууда айтты.
Ал президенттик башкаруу жыйынтык алып келбегенин кошумчалады.
“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун айтымында, президенттик же парламенттик башкаруу боло турганын эл өзү тандаш керек.
“Эл өзүнүн келечегин өзү чечиш керек. 2010-жылы конституцияга өзгөрүү киргизилген. Албетте, парламенттик башкаруунун күнгөй тескейи бар”, — деди эл өкүлү.