4-июнь Парламентаризм күнүнө карата ЖК депутаттары Наталия Никитенко, Дастан Бекешов, Талант Мамытов, Дастан Бекешов жана саясат таануучу Бакыт Бакетаев парламентаризмдин өнүгүүсү тууралуу талкуулашты.

Алар V- VI чакырылыштагы парламенттин айырмаларын салыштырышты.

Дастан Бекешов Кыргызстанда парламентаризмди орнотуу — конституциялык эксперимент эмес, өнүктү деп айтуу эрте экенин айтты. Тегерек столдун катышычуулары күнгөй-тескейи менен бирге өнүгүп келе жатканын белгилешти.

Ал эми “Жаңы Муун” кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков «парламентаризм өнүгүп жатат» деген сөз калп экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда парламенттик башкаруу орнотулду деп өзүбүздү, коомчулукту алдоо.

“Бүгүн дарааткананы жууган адамдан баштап, президентке чейин КСДП партиясынан. Бийлик бутактарынын бардыгында аталган партиянын өкүлдөрү. Ошол фактынын баарын көрүп туруп, биз парламентаризмде жашап жатабыз деген сөз калп. Дагы бир мисал — ички иштер министри өзү билбей туруп жумуштан кетти. Анын ордуна министрди ким шайлады? Президент шайлады. Биз парламентаризм өнүгүп жатат дей берсек болот. Бирок кыргыздар бекеринен айткан эмес: «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» деп, мунун аягы өтө жаман болуп бүтүшү мүмкүн”, — дейт Аскарбеков.

Ошондой эле, ал жаш депутаттар эски муундун жолун жолдоп, өздөрүн алдап жатканын айтты.

“Алар ошол жакта эптеп мандатын сактап калуу максатында ошолордун сөзүн сүйлөп жатат. Мына бүгүн тегерек столго депутаттардын басымдуу бөлүгү жаштар келди. Бүгүн жаштар парламентте парламентаризмди көрө алган жокпуз деген сөздөрүн айтса болбойт беле?”, — деди ал.