Дин башкармалыгы Рамазан айынын биринчи күнү деп 6-июнду жарыялады. Ал эми 1-июлдан 2сине караган түнү Кадыр түн белгиленет.

“Жалпыңыздардын кирип келген Рамазан айыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз. Жараткан Алла Таала Рамазан айында кылган дубаңыздарды кабыл кылсын. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман нуру ыроолоп, Жараткан  ишиңиздерге береке берсин”, — деп куттуктады муфтият.

Ошону менен катар, 6-июнь айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырма болушу мүмкүн деп кошумчалай кетти.