Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турду менен жолукту.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча облус жетекчилигинин Кытайдын борбордук өкмөтү менен биргелешкен иши тууралу маалыматты укту.

Атамбаев Кытай жетекчилиги региондун экономикалык өнүгүүсү үчүн эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын канаттануу менен белгиледи.