Жантөшев –Тыныстанов көчөсү Байтик-Баатыр (Советская) Ахунбаева көчөсүнө чейин унаа жүрүүгө ачылды.

Мэриянын маалыматы боюнча,  «Бишкекасфальтсервис» бул көчөдөгү жолду толук түрдө ремонттоду.

Ремонт шаардык бюджеттин каражатынан жасалды. Быйыл 44 көчөнүн жолдору оңдолуп-түзөлөт деп пландалган.