Чүй облусунун Пригородный айылында бүгүн граната жарылды.

Тез жардамдын кызматкерлери Saat.kgге жардыруу эмнеден улам чыкканын айтып беришти.

«Цехте иштеген жумушчу граната таап алып, колунан түшүрүп жиберген», — деп билдиришти.

Маалымат боюнча, жабыркагадардын арасында балдар да бар. Учурда алардын абалы жакшы.

18-жаштагы өспүрүм №4-шаардык оорукунага жеткирилсе,  4, 6 жана 3 жаштагы кичинекейлер  №3 шаардык балдар ооруканасына жаткырылган.

«Бир нече жарат менен келсе да, өмүрүнө коркунуч жаратаарлык эч нерсе жок»,-дешет бул оорукананын дарыгерлери