Буга чейин коомчулукта маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кызматтан бошотулат деген пикирлер айтылып келген.
Мекеменин басма сөз катчысы Марлен Солянойдун айтымында, министрдин кетиши же калышы бүгүн чечилет.
«Көпчүлүк ушул суроо менен бизге кайрылып жатат. Белгилүү болгондон кийин биз расмий билдирүү жасайбыз», — деп ал Saat.kg’ге айтып берди.
Максүтов 2014-жылдан тарта министр болуп эмгектенип келет.