БУУнун туристтик багыты боюнча мекеменин өкүлү Талеб Рифал төрт көйгөйдү атады. Анын айтымында, биринчи көйгөй виза алууну жеңилдетүү керек.
“Экинчиси болсо, инсфрастураны өнүктүрүү зарыл. Ал эми үчүнчүсү, бул мезгил маселеси. Көрсөткүч боюнча, Кыргызстанга туристтер жайында эле Ысык-Көлгө келет экен. 12 ай бою туристтерди кабыл алганга даярдануу абзел.Төртүнчү, дүйнөгө таанылуу керек”, — дейт Рифал.
Адис башка өлкөлөрдө Кыргызстанда тууралуу көп билишпейт деген оюн айтты.
“Билсе дагы туристтик жайларыңарды билбейт”, — дейт ал. Мындан тышкары, Талеб Рифал Кыргызстандын абасы таза, тоолуу жана туристтерди өзүнө тарта турган жер экенин кошумчалады.






























