Крестининдин командасы Иранга учуп келди.

Футбол федерациясынын маалыматы боюнча, азыркы учурда команда кечки машыгууда.

Жолдоштук матч 7-июнда Кирадж шаарынын «Эмгилаб» стадионунда, биздин убакыт менен 22:30да башталат.

«Оюнду Кыргызстанда көрсөтүү үчүн жергиликтүү телеканалдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат»,- деп билдирди.

Ирандын курама командасы ФИФАнын тизмесинде 42-орунду ээлейт. Бул Азия мамлекеттеринин арасында эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.

Кыргызстан бул тизмеде 111-орунда.