Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ алкагында мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
“Биз ЕАЭБ менен катар КМШ алкагында да интеграциялык маселелер боюнча ишти активдештирүүбүз зарыл”, — деди ал.
Беларустун Премьер-министри Андрей Кобяков Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен мамлекеттер аралык эки тараптуу кызматташуу активдешүүсүнө ишеним билдирди.