Жыйынтыгында электр энергетика тармагы, соода аймагы, инновациялык кызматташтык, жаштар маселеси, билим берүү тармагы, химиялык өнөр жай жана башка кызматташуу документтерине кол коюлду.
Иш-чарага катышкан өкмөт башчылары:
- Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев
- Казакстан Республикасынын премьер-министри Карим Масимов
- Молдова Республикасынын премьер-министри Павел Филип
- Белорус Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков
- Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода
- Армения Республикасынын вице-премьер-министри Ваче Габриелян
- Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов
- Азербайжан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла
- Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков
- Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Дорошенко