1993-жылдан бери Кыргызстан дүйнөлүк туристтик уюмдун мүчөсү болуп келет. Бирок бир да жолу мүчөлүк акы төлөгөн эмес.
Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдиргендей, карызы үчүн Кыргызстан дүйнөлүк туризм уюму тартуулаган артыкчылыктар менен толук түрдө колдоно албай келет.
Маалымат боюнча, дүйнөлүк туризм уюмунун башкы катчысы Талеб Рифаи менен маданият жана туризм министри Алтынбек Максүтов келишимге кол коюшту.
Анын негизинде Кыргызстан карызын жабуу үчүн 24 миң евродон 25 жылдын ичинде төлөп турмай болду.