Мамлекеттке тиешелүү үлүшүн сатуу боюнча инвестициялык конкурс жарыяланганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Топтомдун ичинде 1млн  929 миң 203 акция бар. Баасы — 188 млн 889 миң сом.

Компаниянын уставдык капиталы – 393 млрд 715 млн сом. Ишмердүүлүгү коммерциялык багытта авиа жүргүнчүлөрдү ички жана тышкы каттамдар боюнча ташууга багытталган.

Сатып алган тарапка парктагы авиа учактарынын санын көбөйтүү, 5 жылдын ичинде бештен кем эмес авиа транспортун сатып алуу милдети жүктөлөт. Учактар эл аралык стандартка жараша жана Кыргызстан авиациялык эрежелерине жооп бериши керек. Жарактуу мөөнөтү 20 жылдан ашпашы шарт. Сатып алган тарап 12 айдын ичинде  1 млн доллар киргизип, 165 млн сомдук насыялык карызын төлөөгө тийиш.

Катышуучунун талаптарга жооп бере турган бизнес жана инвестициялык долбоору болушу керек.

Катышуу талаптары менен www.fgi.kg. сайтынан толук таанышууга мүмкүн.

Конкурска документтерди кабыл алуу 7-июнда башталат жана жыйынтыгы 2016-жылдын 6-сентябрында чыгарылат.