Facebook — дүйнөдө эң активдүү колдонулган социалдык тармак. Дүйнөлүк таасирдүү адамдардан тарта карапайым калк да бул сайтты колдонуп келет.
Facebook’тагы дүйнөлүк саясатчылардан кимдер активдүу колдонот? Же кимиси адамдар тарабынан көп колдоого алынат?
Расмий баракчаларындагы эсеп боюнча:
Барак Обамада 48 891 117 окурман (жазылгандар)
Режеп Тайип Эрдоган 8 420 811 окурман
Ангела Меркель 2 045 601 окурман
Канада премьер-министри Жастин Трюдо 2 542 757 окурман
Дмитрий Медведев 1 450 263 окурман
Орусия президенти Владимир Путин социалдык тармактарды активдүү колдонбойт.
Белгилүү болгондой, Фейсбук тармагында Обаманын баракчасына жазылган окурмандары эӊ көп. Дүйнөдө англис тилин билгендердин көптүгүн эске алганда, Обама алдына киши салдырбасы айдан ачык. Кийинки орундагы Түркия президенти Эрдоган. Саны эмес сапатына келсек, Обаманын окурмандары 6 эсе көп экенине карабай, Эрдогандын постторун жактыргандар, окугандар, уккандар алда канча көптүк кылат.
Мисалы, Эрдогандын акыркы 5 посту жалпы 645 миңден ашуун киши тарабынан жактырылып окулуп, 15 127 киши аны өз баракчасына илип алган.
Обаманын акыркы 5 посту жалпы 207 миңдан ашуун киши тарабынан окулуп, жактырылып 14 792 окурман баракчасында бөлүшкөн.
Айрыкча азыркы учурда Эрдогандын эӊ акыркы постунда мусулман мушкери Мухаммед Али менен коштошуу билдирүүсү көп окулууда жана жактырылууда.
Ал эми Обаманын фейсбук баракчасында Мухаммед Али менен коштошуу билдирүү чыккан эмес. Бул тууралуу коомдук ишкер Гиза Маматкулова изилдеп чыккан.
Ал эми Кыргызстандагы белгилүүлөрдүн Фейсбук баракчасындагы эң көп катталган окурмандар төмөнкүлөр:
Өмүрбек Бабанов 37449 киши
Жанар Акаев 15943 киши
Чубак ажы Жалилов 10202 киши
Мелис Мырзакматов 8246
Алмазбек Атамбаев 3 817 киши баракчасына катталган.
Биздин изилдөөлөр боюнча, калган саясатчы жана белгилүү адамдарда аз санда гана окурман бар жана көпчүлүгү колдонбойт.