ОСАГО орусча «обязательное страхование автогражданской ответственности» Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу.

Жол кырсыгынан жабыркагандардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды жана чыгымдарды төлөп берет.

Адамдын ден соолугуна зыян келтирилсе же өмүрү кыйылса 200 миң сомго чейин берилет. Ал эми материалдык чыгым 150 миң сом. Күнөөлүү тарапка чыгымын төлөбөйт.

ОСАГО боюнча келишим түзүү үчүн арыз, өздүгүн тастыктоочу документ, унааны каттоо тууралуу документ, эгерде унаа башка бирөөгө катталган болсо, унаанын тийиштигин тастыктоочу документ.

Бүгүн Жогорку Кеңеште автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына жылдыруу сунушталды.