Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов Ирандан утулуп калгандыгы тууралуу K-newsга айтып берди.
“Атаандаш күчтүү болду. Биринчи мөөнөттөрүнөн тарта эле кысым боло турганын билгенбиз. Бирок тилекке каршы жакшы оюн көрсөтө албадык. Атаандашка көп жолу эле топту тарттырып жибердик. Чабуулга тездеп өткөнгө аракет жасасак да, болбой калды. Колубуздан келбеди”, — дейт футболчу.
Байматовдун айтымында, Ирандын курамасы Азиядагы эң мыкты команда экенин көрсөттү.
«Алар биз умтула турган футболду көрсөтүштү. Биз Иран, Австралия, Иордания сыяктуу атаандаштар менен ойногондо гана алдыга жыла алабыз. Бул оюн бизге жакшы тажрыйба болду. Чече турган көйгөйлөр көп, биз баарын чечкенге аракет кылабыз”,- деди ал.
7-июнда “Азади” стадионунда болгон жолдоштук матчта Крестининдин командасы Иран курамасына 6:0 менен утулуп калган.