Ак үйдүн алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ЖК депутаттарын динди саясатташтырбоого чакырып, митинг өткөрүп жатат.

Токтонасыров Saat.kgге билдиргендей, ал жума намазга каршы эмес.

“Бирок түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушуна макул эмесмин”, — дейт ал.

7-июнда парламентте социалдык саясат боюнча комитети депутат Тазабек Икрамовдун жума намаз убагында түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушун карап, көпчүлүк депутат каршы болгон.

Ошондой эле Токтонасыров “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты  Мирлан Жээнчороевдин президенттикке талапкер мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырбоо сунушуна каршы.

Ал колуна “Жээнчероев жээрибе” деген жазууну көтөрүп алган.