Депутат Аида Салянова (“Ата Мекен”) көтөрүп чыккан мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште кайрадан каралды.
Салянованын сунушу менен жашы жете элек балдардын жана кыздардын никеси кыйылса, алардын ата-энелери жана молдо 3төн 5 жашка чейин эркининен ажыратылат. Үй-бүлөлүк кодекске ылайык, бүлө курууга 18 жаштан уруксат берилет.
Эки жума мурун бул мыйзам долбоору четке кагылгандан кийин коомчулук парламентти катуу сынган алган эле. Демилгечилердин сунушу менен Жогорку Кеңеш бүгүн аны кайра карап чыкты. Төртүнчү аракет менен 69 депутат биринчи окууда мыйзам долбоорун колдоп, 30 эл өкүлү каршы чыкты. Мыйзам толугу менен күчүнө кириши үчүн ЖКнын үч отурумунда кабыл алынып, президент кол коюшу керек.